• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Турдакун Усубалиевдин уулу көз жумду

11 Аяк оона 2019 9:17 Бишкек Govori.TV

Кочкор районунда Кыргыз ССРнин Компартиясынын Борбордук комитетин 24 жыл башкарган мамлекеттик жана партиялык ишмер Турдакун Усубалиевдин уулу Эсенгул Усубалиевдин сөөгү кечээ, 10-сентябрь күнү жерге берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга маркумдун жээни Кубан Осмоналиев билдирди.

Эсенгул Усубалиев 71 жашында узакка созулган оорудан улам каза болгон. Анын сөөгү Кочкор районунун Теӊдик айылында жерге берилди.

Маркум Эсенгул Усубалиев 1948-жылы туулган. Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин тарых факультетин аяктап, ошол эле окуу жайда иштеп, проректор кызматына чейин көтөрүлгөн. Анын уулу Эсенбек дин таануучу, кызы эл аралык уюмдарда иштейт.

Быйыл «Кыргыз Республикасынын баатыры» Турдакун Усубалевдин 100 жылдыгы белгиленет. Т.Усубалиевдин Сыргак (2007-жылы каза болгон), Эсенгул жана Бермет аттуу 3 баласы бар. Эркин, Эрмек, Энвер, Эсен жана Бегайым аттуу неберелери, Элан, Этар, Эмир, Эмад, Таир-Кемел, Сена-Адель аттуу чөбөрөлөрү бар. Учурда небереси Усубалиев Эрмек Сыргакович Бишкек шаардык кеӊешинде КСДП фракциясынын депутаты. Турдакун Усубалиев 2015-жылы каза болгон.

Булак: turmush.kg

Количество просмотров: 316