Нарын облусуна караштуу Кочкор районунда 23 жаштагы кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 23-январь күнү 21:30 чамасында Кочкор районунун Теңдик айылынын тургуну 1990-жылы туулган тургуну К.Б Тынай-Булак кыштоосунда белгисиз себептер менен каза болгон адамдын жансыз денеси жатыптыр деген билдирүү менен Кочкор РИИБнүн нөөмөт бөлүмүнө кайрылган.
Аталган билдирүү боюнча Кочкор РИИБнүн ыкчам-тергөө тобу барган учурда сарайдагы үч бөлмөлүү үйдүн ичинен жашы болжол менен 20-25 жаштагы күч колдонуп өлтүрүлгөн азиат улутундагы аял кишинин жансыз денеси табылып, анын өздүгү такталып, ал Чүй облусунун Сокулук районунун тургуну 1998-жылы туулган К.К экендигин такталган.
Бул факты боюнча Кочкор РИИБ тарабынан каттоого алынып, КР Жазык кодексинин 130-беренеси (адам өлтүрүү) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталып, тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.