УТРКга байланыштуу айрым маалымат каражаттарында жарыяланган маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын сайтында маалымдалды.
Маалыматта айтылгандай, Париждеги жайкы Олимпиада оюндарынын трансляциясын сатып алуу боюнча, алдын ала сүйлөшүүлөрдө лицензиянын баасы 1,5 миллион доллар деп белгиленген. Бирок көп жолку сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында тараптар 100 миң долларга келишкен.
«Бул чыгымдар жарнама жана кабелдик телеканалдарга сатуу жолу менен жабылып, УТРК киреше тапкан», — деп жазылат.
Ошондой эле УТРК “Евро-2024” футбол чемпионатынын трансляциясы боюнча да маалымат берип, төмөндөгүлөргө токтолду:
«УТРК аталган мелдеш үчүн мамлекеттик казынадан бир тыйын да короткон эмес. Чыгымдар жеке өнөктөш компания тарабынан жабылган. Ошондой эле, УТРК “Евро-2024” трансляциясынан кошумча киреше тапкан. Бардык келишимдер расмий документтерде көрсөтүлгөн.
Ири турнирлер аяктагандан кийин айрым жооптуу жетекчилер ар кандай мүлктөрдү, анын ичинде автоунааларды сатып алган” деген маалымат чындыкка дал келбейт».
Ал эми “Кыргызтелефильм” боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканы, бөлүнгөн каражаттын негизинде бир тарыхый көркөм тасма тартылып, экинчи тасмага даярдык иштери жүрүп жатканы айтылып, азырынча жыйынтыктоочу отчет бериле электиги кошумчаланды.
Эске салсак, буга чейин Kaktus.media күч түзүмдөрүндөгү өздүк булактарына таянып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети УТРКнын кызматкерлерине миллиондогон акча уурдоо фактысы боюнча кылмыш ишин козгогонун жазган. Маалыматта, сөз Париждеги Олимпиада оюндарын жана Евро-2024 оюндарын көрсөтүү учурундагы жарнамадан, ошондой эле башка өлкөлөрдөн келген гранттардан түшкөн 200 миллион сом жөнүндө болуп жатканы жазылган.