• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Уурдалган унааны тетиктерге бөлүп, сатууну көздөп жаткан жаран кармалды

7 Теке 2022 13:26 Бишкек Govori.TV

Уурдалган унааны тетиктерге бөлүп, сатууну көздөп жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБнын басма сөз кызматы кабарлады.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгына 27-июнь күнү 1981-жылы туулган шаар тургуну арыз менен кайрылган. Арызда Ош шаарынын Исхак Раззаков көчөсүндө орун алган үйүнүн короосуна токтотуп койгон, өзүнө таандык болгон «Дэо-Тико» үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз жаран уурдап, белгисиз тарапка айдап кеткендигин билдирген.

Аталган окуя Ош ШИИБна КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренесинин (Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) белгилери менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү жаранды издөө иш-чаралары жүргүзүлүп келген.

«Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында 7-июль күнү бул кылмыша тиешеси бар деген шек менен Ош облусунун Кара-Суу районунун 1994-жылы туулган Х.Р аттуу жаран кармалып, үйүнө тинтүү жүргүзгөн учурда жабырлануучуга таандык болгон «Дэо-Тико» үлгүсүндөгү автоунаа тетиктери чачылган абалда табылган. Шектүүгө алгачкы сурак ишин жүргүзгөн учурда, уурдаган автоунааны тетиктерге бөлүп сатарын айткан»,-деп айтылат маалыматта.

Бүгүнкү күндө шектүү Ош ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына камака алынып, иликтөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Количество просмотров: 45