• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

“Ууру” рейдинин жүрүшүндө 12 кылмыштын бети ачылды

26 Бирдин айы 2023 17:00 Бишкек Govori.TV

23-февралдан 24-февралга чейин Ысык-Көл облусунун аймагында «Ууру» аталышындагы ыкчам-издөө жана профилактикалык иш-чаралар комплекси болуп өттү.

Облустук милициядан билдиришкендей, «Ууру» операциясынын эки күндүк жүрүшүндө облустун аймагында мурда катталган 12 кылмыштын бетин ачылды, анын ичинде 10 учуру бирөөнүн мүлкүн уурдоо болуп саналат.

«Операциянын алкагында уурдалган мүлктү сатуу менен алектенген адамдарды аныктоо боюнча, калк арасында менчикке болгон кылмыштуу кол салуулардан коргоо ыкмалары тууралуу дагы түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, иш-чара кылмыштарга бөгөт коюуга, криминогендик абалды жакшыртууга, башкалардын мүлкүн уурдоого адистешкен кылмыштуу топторду аныктоого багытталган.

Количество просмотров: 52