Кыргызстанда омуртка булчуң атрофиясы менен 28 бала ооруйт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 17-марттагы жыйынында “Кыргызфармация” ишканасынын директорунун милдетин аткаруучу Наргиза Тохтасинова билдирди. Мындай дарт менен ооруган балдар үчүн былтыр Жогорку технологиялар фондунан 100 миллион сом бөлүнүп, ага сегиз бала үчүн Рисдиплам (Evrysdi) дарысынан 240 флакон алынып келинген. Кийин дагы 100 миллион сом каралып, ага ушул эле дарынын түрүнөн 240 флакон келген. Эки этап менен келген каражаттар жалпы 16 балага берилген.
Жыйында депутат Советбек Рустамбек уулу коомчулукта омуртка булчуң атрофиясы менен ооруган үч баланы дарылоого каражат чогултуу жараяны жүрүп жатканын, бул боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрүнүн жетиштүү маалыматы жок экенин айтты.
Ал эми Илимбек Кубанычбек уулу министрликтин өкүлдөрү омуртка булчуң атрофиясы үчүн дарылар боюнча маалыматты так бере албай жатат деп сынга алды.
“Zolgensma дарысы жогоруда айтылгандай, эки жашка чейинки балдар үчүн. Ошол эле учурда андан арзаныраак 13 килограммдан жогору салмактагы балдар үчүн Рисдиплам дегени да бар. Ал деле балдарды жакшы кылат” деп түшүндүрүп айтсаңыздар. Өзүңүздөр эле адашып, коомчулукка туура эмес маалымат берип жатасыздар”, — деди Кубанычбек уулу.
Кесиптештеринин нааразы пикирлеринен кийин сөз алган депутат Аида Исатбек кызы Саламаттык сактоо министрлигинен келген өкүлдөрдү дурус жооп бере албай жатасыңар деп сындады.