• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Узаган жылдагы урунттуу окуялар…

28 Бештин айы 2018 11:15 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 28.12.2018. Govori.TV


Жыл аяктап, жаны-жылды тосууга саналуу гана убакыт калды. Ар бир жыл өзүнүн өзгөчүлүгү менен эсте калат. Албетте ал өзгөчөлүк коомдо болуп жаткан жагдайларга байланыштуу болоору талашсыз. Бул жагынан алганда Жогорку Кеңештин айрым депутаттары жыл ичинде ыксыз жоруктары менен элдин эсинде калды.


Адегенде эле Жогорку Кеңештин “уялчаак” депутаты Камчыбек Жолдошбаев тууралуу кеп салалы. Эл өкүлү коомдук транспортто жүргөн кесиптештеринен уяларын айтып, көпчүлүктүн каарына калды.


Мындай пикирди коомчулук катуу талкуулап, Камчыбек Жолдошбаев уяла турган маселелер арбын экенин эске салышты.


Өзүнө айтылган сындардан кийин, Жолдошбаев пикирин өзгөртүп, кесиптештеринин коопсуздугу үчүн кам көрүп жатканын айта салды.


Камчыбек Жолдошбаевден көп өтпөй, ЖК депутаты Таабалды Тиллаев ажонун учагынан уялаарын айтып чыкты.


Мындай пикирди Жогорку Кеңештеги “КСДП” фракциясынын депутаты Автандил Кулбараков дагы айтып чыккан.


Бул сунуштарды коомчулуктагы кээ бирөө туура деп эсептесе, айрымдары президентке кошамат кылуу деп баалаган.


Гимнди башкача ырдап чыккан эл өкүлү Пархат Түлендыбаев, бир күндө интернет жылдызына айланды.


Коомчулук тарабынан Түлендыбаевге бир катар тамашасы аралаш сындар байма-бай айтылды.


Мындай салыштыруудан соң, Түлендыбаев намыстанып, 24 саат ичинде гимнди жаттап ырдап, катасын оңдоого аракет жасады.

“Кыргызстан социалдык демократтар партиясы” Кожобек Рыспаевди өзүнүн мамилеси менен партиядан тышкары экенин далилдеди деп, аны өз катарынан чыгарган. Кайрадан көп убакыт өтпөй аталган партиянын саясий кеңешинин чечимине ылайык, фракция депутатты кайрадан кучагына алганына Рыспаев азыркыга чейин таң калып жүргөнүн жашырган жок.

Иштеп жаткан пенсионерлер кызматкерлер же айлык, же пенсия гана алышы керек тилегин депутат Тиллаев айтып чыкты.

Бул сунушту дагы коомчулук катуу талкуулап, айрым аттуу баштуу саясатчылардан өйдө сынга алды.

Тиллаевдин тилеги талкууга алынган соң, көп өтпөй кайрадан оңдоп түшүндүрмө берди.

Кытай туристтерин Кыргызстанга чакыргысы келген депутат Махабат Мавлянова Жогорку Кеңешке сунуш киргизди.

Бул сунуш коомчулуктун кыжырын келтирип, катуу сынга алынды. Ага чыдабаган Мавлянова өзүнүн кадыр-баркына шек келип жатканын Жогорку Кеңештин кийинки жыйынында айтып чыкты.

Жакында эле Жогорку Кеңештин вице-спикери Асел Кодуранованы кызматтан алабыз деп, төрага менен депутат уруша кетти.

Ушул эле жыйында, төраганын орун басары кызматынан алынып жаткан, Асел Кодуранова, фракциянын лидери Иса Өмүркуловго таарынычын айтып алды.

Иса Өмүркулов дагы карындашынын айткандарын жоопсуз калтырган жок.

Жыйынтыктап алганда, быйылкы жылы эң эсте калчу жагдайларды “КСДП” партиясынын ич-ара пикир келишпестиги ээлеп алганын жогорудагы окуялар далилдеди. Говори ТВ депутаттардын маселесиндеги орчундуу учурларынан азын-оолак маалымат берүүгө аракет кылды. Кийинки жылга жалаң гана жагымдуу жаңылыктар менен баш багалы. Келе жаткан жаңы-жылыңыздар менен!

Количество просмотров: 40