• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Валентина Шевченко Ош шаарына барат

10 Бештин айы 202117:48 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык спортчу, UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Валентина Шевченко 12-декабрда Ош шаарына барат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, спортчу Султан Ибраимов атындагы драма театрында күйөрмандары менен жолугат. Жолугушуу жекшемби күнү саат 14:30дан 17:00гө чейин болот.

Белгилей кетсек, Валентина Шевченко учурда Кыргызстанда жүрөт.

Эскерте кетсек, Валентина Шевченко UFC уюмунун жеңил салмак категориясынын чемпиондук курун алты ирет коргоп калган.

Количество просмотров: 127