Улуттук банк валюта рыногуна кийлигишкенин улантып келет. Декабрь айында болгон алгачкы интервенцияда 5 млн 950 миң доллар сатылганы Улуттук банкттын расмий сайтына жарыяланды.
Ноябрь айында доллардын курсун кармап туруш үчүн Улуттук банк валюта рыногуна 9 жолу кийлигишип, 42,7 млн доллар саткан. Бирок ага карабастан америка долларынын баасы төмөндөбөй келет.
Учурда акча алмаштыруу жайлары 1 долларды 69,65-69,70 сомдон сатып алып, 69,80-69,85 сомдон сатышууда. Улуттук банк койгон баа 69,7408 сом.