Американын борбору Вашингтон шаарындагы Колумбия округуна жана Мэриленд менен Вирджиния штаттарына толугу менен карантин киргизилди. Бул тууралуу «Би-би-си» басылмасы билдирди.
Эрежеге ылайык, тургундар дүкөнгө жана дарыгерге гана бара алат. Мериленд штатында карантинди бузган жарандарга 5000 доллар айып пул салынат же абакка 1 жылга камалат.
Ал эми Вирджиниянын губернаторунун айтымына караганда, карантин 10-июнда алынышы керек. Мэриленд менен Колумбияга киргизилген чектөөлөрдүн мөөнөтү белгисиз.
Калифорниянын губернатору Гэвин Ньюс 20-мартта чыгарган токтомуна ылайык, штаттын жашоочулары зарыл болбогон учурда үйлөрүнөн чыга алышпайт. Ошондой эле Американын 31 штатында карантин жарыяланып, ресторан менен мектептер жабылган.