• Дүйшөмбү 8 Кулжа 2026
  • Понедельник 8 Июнь 2026

Вебкам ишмердигин кылмышка теңеген мыйзам долбоору кабыл алынды

31 Теке 202411:25 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (КР Кылмыш-жаза кодексине, КР Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 26-июнунда КР Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам сойкулукту жана бузукулукту интернет аркылуу түз эфирде (онлайн) атайын платформа (вебкам-студиялар) аркылуу уюштуруу, көмөк көрсөтүү жана сойкулук менен алектенүү укукка каршы экендигин белгилөө жана аталган жосундар үчүн жоопкерчиликти белгилөө максатында кабыл алынган.

Алсак, көрсөтүлгөн мыйзам төмөнкүлөрдү караштырат:

1) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине сойкулукту жана ыпластыкты интернет тармактары (вебкам-студиялар) аркылуу уюштуруу жана аларга көмөк көрсөтүү үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин белгилөөгө багытталган өзгөртүүлөрдү киргизүү;
2) Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине сойкулук менен алектенүү үчүн жана порнографиялык мүнөздөгү аракеттерге интернет аркылуу түз эфирде (онлайн) катышуу үчүн жоопкерчиликти белгилөөгө багытталган толуктоолорду киргизүү.

Количество просмотров: 103