• Дүйшөмбү 13 Бугу 2024
  • Понедельник 13 Май 2024

«Вечерний Бишкек» маселеси боюнча Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жолдонду

23 Жалган куран 2018 10:44 Бишкек Govori.TV
Бишкек.23.03.2018.Govori.TV
«Адилет» укуктук клиникасы Президентке кайрылуу жолдоп, «Вечерний Бишкек» басма үйүнүн тегерегиндеги талаш-тартышты адилеттүү чечип берүүсүн суранды.
» Урматтуу Сооронбай Шарипович!  Коомчулук  Сиздин 2018-жылдын 8-февралында Коопсуздук кеңешинде сүйлөгөн сөзүңүздү чоң үмүт менен кабыл алды. Учурда тергөөчүлөрдүн, прокурорлордун, соттордун кылып жаткан иштери мыйзамга гана эмес, логикага дагы туура келбей жатат. «Адилет» укуктук клиникасынын юристтери  «Вечерний Бишкек» басма-үйүнүн жана Александр Кимге байланыштуу баардык сот процесстерине катыштык. Кабыл алынган чечимдерди карап туруп, негизги максат бирөөнүн тапшырмасын аткаруу жана бизнесин тартып алуу экендигине көзүбуз жетти. Ошондуктан Сизден «Вечерний Бишкек» басма-үйүнүн тегерегиндеги маселелер боюнча тийиштүү чара көрүүңүзду суранабыз,-деп жазылат кайрылууда. 

 

 

 

 

Количество просмотров: 29