Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрүнүн биринде жайгашкан «VEFA Center» соода борборунда бүгүн, 20-ноябрда өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Маалыматка ылайык, тилсиз жоо соода борбордун ичиндеги кафенин аба сордургучунан (вытяжка) чыккан өрттү өчүрүүгө саат 10:17де Октябрь райондук №5 ӨКБдан 2 бөлүм, 1 автошаты жана Штаб, ошондой эле кошумча ККББдан КБП (ППУ) унаасы менен ыкчам топ, 2 куткаруучу, 1 дрон тартылды.
Өрт толугу менен саат 10:52де толук өчүрүлдү. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 15 чарчы мерди түзөт.
Соода борбордон 150дөй адам эвакуацияланды.
Жабыркагандар жок.