Бишкектин Байтик Баатыр көчөсүндө жайгашкан «Вефа» соода борборунда чыккан өрт толук өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Такталган маалымат боюнча, «Вефа» соода борборунун 3-кабатында «Хузур» кафесинин 15 чарчы метр желдеткичи жана балдар ойной турган аянтчасы күйгөн. Тилсиз жоо 14:13тө чектөөгө алынып, 14:46да толук өчүрүлгөн.
ӨКМ адистеринин жардамы менен борбордогу адамдар коопсуз жайга эвакуацияланган.