Венеция комиссиясы КР Юстиция министри Аяз Баетовдун өтүнүчү менен «Чет элдик өкүлдөр жөнүндө» КР мыйзамын («Өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндөгү» мыйзамдын өзгөртүлгөн түрү) жыйынында карап, өз баасын берген.
Аталган комиссия бул мыйзам карама-каршылыктуу жана коомчулук менен кеңешүүнүн чектелүү болгонуна, ошондой эле Министрлер Кабинетинин токтомунан кийин да улуттук мыйзамдарда каралган коомдук талкуу болбогонуна карабастан, кабыл алынганына өтө өкүнгөнүн билдирет.
Бийлик бул мыйзамды кабыл алуу демократиялык коомдун суроо-талабына жооп бере тургандыгын даана көрсөткөн негиздемелерди, талдоо менен так маалыматтарды көрсөткөн эмес.
Венеция комиссиясы бийлик ассоциациялардын эркиндигин чектөөгө укугу бар экенин айтат. Бирок бул чектөөлөр мыйзамдуулукка, легитимдүүлүккө, зарылдык менен тең салмактыкка, ошондой эле Кыргызстандын Конституциясына, өлкө өзү кол койгон адам укуктары боюнча эл аралык документтерге жана Жарандык укуктар менен саясий эркиндиктер боюнча эл аралык пактыга шайкеш келүүсү керек эле. Аталган мыйзам бул стандарттарга туура келбейт.
Кыргызстандын бийлиги чет өлкөлөрдөн каржылык колдоо алып, саясий ишмердиги анык эмес бейөкмөт уюмдарды жөнгө салуу зарылдыгын негиздеген так маалыматтарды беришкен жок. Ушундай жөнгө салуу ассоциациялар эркиндигине жана дискриминация жасабоо принциптерине каршы келет.
Бул мыйзамдын айрым жоболору жана Министрлер Кабинетинин токтому адамдын негизги укуктары менен эркиндиктерин, ойду эркин билдирүүгө жана жеке жашоого болгон укуктарды потенциалдуу бузуу коркунучун пайда кылат.
«Чет элдик өкүл» мыйзамын МинКабдын токтому менен бирге колдонуу чыныгы кысымга алып келип, унчукпоого, акырында чет өлкөдөн азыраак каражат алышкан өлкөдөгү бейөкмөт уюмдардын жок болушуна алып келет. Ачык айтканда, өкмөттү сындаган бейөкмөт уюмдар терс таасирге дуушар болуп, бул ачык коомдук дебаттарда, демократия жана мыйзам үстөмдүгүнүн орношуна тескери таасирин тийгизет. Ошондой эле бейтарап соттордун алдында толук калыбына келтирүү механизмин дагы бул мыйзамдын жокко чыгаруусу абалды огобетер оорлотот.
Жогоруда айтылгандарды эске алып, Венеция комиссиясы бул мыйзам Кыргызстандагы адам укугуна, мыйзам үстөмдүгүнө болуп көрбөгөндөй сокку урарын, буга чейин Борбордук Азиядагы адам укуктары менен эркиндиктерин, ошондой эле бейөкмөт уюмдардын коргоочусу болуп келген өлкөнүн кадыр-баркына да доо кетирерин белгилейт.
Венеция комиссиясы Кыргызстандын бийлигине бул мыйзамды жокко чыгарып, бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзамды кайра карап чыгууну, өлкө өзү алган эл аралык милдеттенмелери менен эл аралык стандарттарга шайкеш келген, жарандык коомго жагымдуу жана эркин чөйрө түзүүнү сунуштайт.