• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Венеция комиссиясы: ЖК Башмыйзамды өзгөртүү боюнча реформаны жүргүзө албайт

19 Жетинин айы 2020 10:57 Бишкек Govori.TV

18-ноябрда Европа Кеңешинин кеңеш берүүчү органы болгон Венеция комиссиясы Кыргызстандагы конституциялык реформага байланыштуу парламенттик шайлоонун жылдыруу маселеси боюнча чукул корутундусун жарыялады. Анда комиссиянын эксперттери Кыргызстандын Жогорку Кеңеши Башмыйзамды өзгөртүү боюнча реформаны жүргүзө албай турганын баса белгилешкен.

“Парламенттин мандаты конституциялык мөөнөттөн узартылган шартта, шайлоолор кийинкиге жылдырылган учурда парламенттин чектелүү гана ыйгарым укугу бар жана конституциялык реформаны жүргүзүүгө легитимдүүлүгү жок”, — деп айтылат Страсбургдан иш алып барган комиссиянын корутундуда.

Ошондой эле комиссия бардык конституциялык жана мыйзамдык өзгөрүүлөр Башмыйзамда жана мыйзамдарда жазылган процедураларды жана мөөнөттөрдү сактоо менен ишке ашышы керектигин белгилеген.

Маалыматка караганда, бул корутунду Кыргызстандын Конституциялык палатасынын 4-ноябрдагы өтүнүчү менен даярдалган.

Жогорку Кеңештин 80 депутатынын колу менен 17-ноябрда талкууга чыгарылган жаңы долбоорго ылайык, Кыргызстанда президенттин укуктары кеңейет, мамлекет башчы аткаруу бийлигин толук көзөмөлгө алат. Мамлекеттик башкарууга Элдик курултай деген жаңы институт киргизилет. Ошондой эле парламенттин депутаттарынын саны 90го чейин кыскартылат.

Бул долбоор жарандык коомдун, саясий ишмерлердин, укук коргоочулардын кескин сынына кабылды. Маселен, мурдагы премьер-министр, саясатчы Феликс Кулов Баш мыйзамдын долбоору бийликти узурпациялоого жол ачарын, мындай үлгүдөгү Конституция Түркмөнстанда бар экенин айтты. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садык Шер Нияз да жаңы долбоор кабыл алынса, «президенттин диктатурасы орнойт» деп билдирди.

Президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Бектур Зулпиев “Конституциянын жаңы долбоорунун авторлору – парламенттин 80 депутаты” деп айтты. Бирок демилгечилердин катарындагы бир нече эл өкүлү долбоорду жазууга катышпаганын билдирип жатышат.

Количество просмотров: 96