• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Венециядагы автобус кырсыгында 21 киши каза болду

5 Тогуздун айы 2023 9:34 Бишкек Govori.TV

Венецияда туристтик автобус эстакадалык көпүрөдөн кулап, 21 киши, анын ичинде эки бала каза болуп, 10дон ашык адам жараат алды.

Мерт болгондордун арасында Украинанын беш жараны жана италиялык айдоочу бар экени кабарланды.

Жаракат алган жүргүнчүлөр ооруканага жеткирилди. Алардын айрымдарынын абалы өтө оор экени айтылууда.

Кырсыкка кабылган автобус Венециянын коомдук транспорт операторуна таандык болгон. Болжолдуу маалыматтарга ылайык, ал жол жээгиндеги тосмону бузуп өтүп, ондогон метр сүрүлүп баргандан кийин темир жолго барып токтоп, өрттөнүп кеткен.

Италиялык басылмалар кырсык болгон жердеги асфальтта дөңгөлөктөрдүн тормоз баскандагы изи жок экенин жазууда. Тергөөчүлөр кырсыктын бир нече версиясын карап жатат. Алардын бирине ылайык, көп жылдык тажрыйбасы бар айдоочу өзүн жаман сезип, рулду башкара албай калган. Экинчи версия боюнча, автобус көпүрөдөн кулаганга чейин анын ичинде кокустан өрт чыккан болушу мүмкүн.

Автобус туристтерди Венециянын сыртындагы Маргер жайына алып бараткан. Ал болжогон жерге аз калганда кырсыкка кабылган.

Количество просмотров: 77