Вьетнамдын борбору Ханойдон «Яги» тайфунунан келип чыккан суу ташкын коркунучунан улам миңдеген адамдар эвакуацияланды. Табигый кырсык буга чейин өлкөнүн түндүгүндө 197 адамдын өмүрүн алган.
Ханой аркылуу агып өткөн Кызыл дарыя акыркы 20 жылдагы эң жогорку деңгээлге көтөрүлдү. Шаардын көчөлөрү жана өнөр жай борбору суу астында калган. Кырсыктын кесепетинен чоң жол көпүрөсү урап түшкөн.
«Яги» быйыл Азияны каптаган эң күчтүү тайфун болуп, катуу шамалды жана нөшөрлөгөн жамгырды алып келди. Өкмөт тайфун жана андан кийинки жер көчкү жана суу ташкындарынын кесепетинен 145 адам дайынсыз жоголду деп эсептейт. Дагы бир нече жүздөгөн адамдар ооруканада.