31-июлда Вьетнамда Кыргызстандан Германияга 670 кг героин аткезчилигин уюштурганы үчүн деп шектелген эл аралык издөөдө жүргөн киши кармалган.
2019-жылы Германия полициясы Кыргызстандан келген таттууларга катылган героиндин ири партиясын тартып алган. Жүк Бишкектеги «Элит Шоко» фирмасына катталган. Тергөөнүн жүрүшүндө О.У. Д. чет өлкөлүк жаран Х. П. жана башка шериктери менен бирге эл аралык кылмыштуу топтун курамында иш алып баргандыгы аныкталган. Алар ооган героининин ири партиясын сатып алып, Халва пакеттерине катып, жасалма документтер менен чек арадан өткөрүшкөн.
Кармалган адамды жоопкерчиликке тартуу үчүн Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси каралууда.