• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

VI-чакырылыштагы депутаттар күбөлүктөрүн өзүнө калтырууну сунушташты

22 Бештин айы 2021 14:01 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Самат Ибраев VI-чакырылыштын мөөнөтү бүткөндөн кийин «Ак үйгө» түз кирип-чыгууга уруксат берүү керектигин айтып чыкты.

Белгилей кетсек, бүгүн аталган чакырылыштын депутаттарынын акыркы жыйыны өтүп жатат.

«Биздин депутаттар Жогорку Кеңештин имаратына абдан чоң эмгек кылышты. Мындайча айтканда, өзүнүн өмүрүнүн бир бөлүгүн калтырып кетти. Ошондуктан бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында токтом менен кабыл алып койсок. Биздин кесиптештер келген депутаттарга жардам берет, жаш муундардын өсүшүнө да салым кошот деп ойлойм. Ошондуктан Жогорку Кеңештин имаратына өзүнүн 6-чакырылыштагы күбөлүгү менен кирип-чыгууга уруксат берүүнү сунуштайт элем», — деди Ибраев.

Төраганын милдетин аткарып жаткан вице-спикер Аида Касымалиева депутаттар мөөнөтү бүткөндөн кийин мыйзам, регламент боюнча каралган жагдайлар менен кире аларын айтып, мындай сунуш ашыкча экенин белгиледи.

Количество просмотров: 761