Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Самат Ибраевдин уулу Данияр Ибраевге издөө жарыяланды.
Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Бишкектин Свердлов райондук соту алдамчылык фактысы боюнча сегиз эпизод менен Данияр Ибраевди күнөөлүү деп таап жети жылга эркинен ажаратып, үч жыл пробациялык жаза берген. Андан тышкары жабырлануучуларга зыяндын ордун толтурууга милдеттендирилген.
Жабырлануучулар райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна арызданган. Данияр Ибраев сотко келбегендигине байланыштуу шаардык сот аны камакка алуу чечимин чыгарып, издөө жарыялаган.