• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

ЖК комитети депутат Ибраевдин финтех боюнча мыйзам долбоорун четке какты

5 Тогуздун айы 2021 17:49 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 5-октябрда Жогорку Кеңештин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети депутаттар Самат Ибраев жана Бактыбек Турусбеков демилгелеген «Улуттук банк, банктар жана банк ишмердүүлүгү» жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун четке какты.

Банк ишмердигине байланыштуу кеп болгон мыйзам долбоору былтыр апрелде мандат алган эл өкүлү бир жыл ичинде парламенттин жыйындарындагы сөздөрүндө көп жолу Улуттук банктын саясатын сындап келген. Анын мыйзам долбоору быйыл 14-майда коомдук талкууга коюлган.

Мыйзам долбоордун маалымкат-негиздемесинде жазылгандай, документ Кыргызстанда жаңы түшүнүк катары — Финансылык технологияларды (финтех) киргизүүнү максат кылат. Бул финансы чөйрөсүндө технологияларды жана инновацияларды колдонгон компаниялардан турган тармак экени, ага технологиялык стартаптар, ири уюмдар да кирери ошол эле кагазда көрсөтүлөт.

Аталган мыйзам долбоору катуу талкуулана баштаганда ага каршы пикирин билдирген Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов кызматтан кеткен. Парламенттин айрым депутаттары Абдыгуловдун отставкага кетишин чуулуу мыйзам долбоору менен байланыштырды. Ал эми Абдыгулов Эл аралык валюта фондуна Кыргызстандын атынан кеңешчи болуп барарын билдирген.

Количество просмотров: 216