• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

ВИЧ илдетин жуктуруп алгандар компенсация ала баштайт

11 Үчтүн айы 2019 10:18 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 11.01.2019. Govori.TV

ВИЧ илдетин врачтардын шалаакылыгынан улам жуктуруп алгандар компенсация ала алышат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов мыйзам долбоорун жазып чыгып, коомдук талкууга сунуштады.

Бул мыйзам долбоорунун негизинде, малекет медициналык кызматкерлердин шалаакылыгы үчүн 100 миң сомдон кем эмес өлчөмдө, баланын ата-энесине компенцация төлөп берет.

“ Баланын ден-соолугун жана өмүрүн кайра калыбына келтире албагандыктан бул болгону мамлекеттин колуна келген кичине иш”,- деп кошумчалады Бекешев.

Аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн 35 млн сом керектелет. Мына ушуга байланыштуу эл өкүлү президенттин, премьер-министирдин жана Жогорку Кеңештин спикеринин резервдик фонддорун кыскартууну сунуштады.

Эл өкүлүнүн маалыматы боюнча, 2005-2018- жылдардын аралыгында Кыргызстанда жалпысынан 632 бала катталган. Алардын 381 парентералдык жол менен жугузган. 2018- жылдын биринчи майына чейин алардын 45и көз жумса, 27си өлкөнү таштап сыртка чыгып кетишкен. Жугузуп алгандардын калганы учурда каттоодо турат.

Кошумчалай кетсек, жугузуп алгандардын санынын көптүгүнө карабай укук коргоочулар болгону 50 гана иш козгогон жана медициналык кызматкерлер эч кандай жаза алган эмес.

Количество просмотров: 35