• Жума 12 Баш оона 2022
  • Пятница 12 Август 2022

Бишкекте 4 миңден ашык үй-бүлөгө көмүр үчүн компенсация төлөнөт

1 августа 2022 в 17:07 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун тапшырмасына ылайык, аба-ырайы сууктаган маалда көмүрдүн кымбатташына жол бербөө, ошондой эле ажиотажды алдын алуу максатында райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктары тарабынан 2022-жылдын 1-августунан тартып аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө көмүр сатып алуу үчүн акчалай компенсация төлөнө баштады.

Мэриянын басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, жалпысынан 2022-2023-жылдардагы жылытуу мезгилине шаардын аймагында жайгашкан жетим балдар, туруктуу жашаган жери жок адамдар жана майыптыгы бар балдар менен иштеген төрт уюмга жана 4164 аз камсыз болгон үй-бүлөгө компенсация төлөнөт.

Бул жардам шаарда туруктуу каттоодо турган жана райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктарында каттоодо турган аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилет. Үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнүн орточо кирешеси жакырчылыктын ашкере чегинен (1647 сом) ашпоого тийиш.

2022-жылдын 30-июнуна чейин талаптарды тастыктаган документтердин толук пакети менен кайрылган жарандар компенсация алышат.

Количество просмотров: 115

Мектеп окуучуларына бирдиктүү форма керекпи?

Жыйынтыгын көрүү

Биздин команда