• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Садыков: Компенсация төлөнбөй калган медициналык кызматкерлерден 106 арыз түшкөн

27 Кулжа 2022 16:04 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 27-июнда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында 2020-2022-жылдарга медициналык кызматкерлерге компенсацияларды төлөө жөнүндөгү жана Кыргыз Республикасында гемодиализ, онкология, кардиология  кызматтарынын абалы жөнүндөгү Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы угулду.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Улан Садыковдун айтымында, 2020-жылы 1 миллиард 353 миллион сом, 2021-жылы 1 миллиард 351 миллион сом төлөнгөн.

“2022-жылдын 21-ноябрынан бери компенсация төлөнбөй калган медициналык кызматкерлерден 106 арыз түшкөн. Алар Саламаттыкты сактоо министрлигинин апелляциялык комиссиясына кайрылып, жыйынтыгында аталган комиссия 93 материалды карап, анын 20сы канааттандырылган, 58и четке кагылган, 15и кайра кароого жиберилип,13ү кароодо”, — деп кошумчалады Улан Садыков.

Өз кезегинде депутат Айбек Маткеримов медицина кызматкерлерине компенсация берүү жаатындагы абал Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлери сүрөттөгөндөй эмес экенин, дарыгерлерден, орто жана кенже медициналык кызматкерлерден арыз-даттануулар ушул күнгө чейин түшүп жаткандыгын белгиледи.

Комитет мүчөлөрү Министрлер кабинетин жана Саламаттыкты сактоо министрлигин арыздардын объективдүү каралышын камсыз кылууга жана жумуш учурунда COVID-19ду жуктуруп алган бардык медицина кызматкерлерине компенсация төлөп берүү боюнча чараларды көрүүгө чакырды.

Количество просмотров: 179