• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Видеосу интернетте тараган балдар дарыгери иштен алынды

21 Кулжа 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

Видеосу интернетте тараган балдар дарыгери иштен алынды. Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунан кабарлангандай, ал дарыгер Саламаттык сактоо министрлигинин оозеки буйругунун негизинде жумушунан бошотулган.

Кыйкырып катуу урушуп жаткан дарыгердин видеосу 16-июнда социалдык түйүндөр аркылуу тараган. Тасма «жетекчинин агрессия көрсөткөн кызы жоопко тартылсын” деген комментарийлер менен коштолгон.

Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жетекчиси Гүлзат Маймерова окуя былтыр жыл соңунда ЛОР бөлүмүндө болгонун, видеодогу дарыгер анын кызы экенин ырастап, ал онкологиялык дартка чалдыккан балдарды дарылаган ЛОР хирург болуп былтыртан бери иштеп келатканын, чырдын чоо-жайын этика комиссия териштирерин, буга чейин жүрүм-турумуна байланыштуу доомат укпаганын маалымдаган.

Количество просмотров: 53