Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Абакиров бүгүн, 28-майдагы парламент жыйынында сөз сүйлөп жатып Сокулуктагы ооруканадан бөбөккө ВИЧ жукканын айтты.
“Сокулуктун ооруканасында балага ийне сайганда ВИЧ жугуптур. Ошого көзөмөлдү күчөтүш керек. Андайга жол берилбеши керек”, — деди ал.
Депутат ошондой борбор калаада тез жардам унааларынын жетишсиздигине да көңүл бурду.