• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Видеотасма аркылуу Өлкө башчысына акаарат сөздөрдү айткан жаран кармалды

18 Баш оона 2018 12:02 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 18.08.2018. Govori.TV
Интернетте видеотасма аркылуу Өлкө башчысына акаарат сөздөрдү айтып, эл алдында анын абройуна шек келтирген билдирүүлөрдү тараткан жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдишти.
«2018-жылдын 17-августунда социалдык тармактарда 25-30 жаш курагындагы “Улан” аттуу жаран Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбековго видеотасма аркылуу акаарат сөздөрдү айтып, эл алдында анын абройуна шек келтирген билдирүлөрдү тараткан. Ошондой эле ал өлкөнүн жетекчилигинен бангизаттарды таратууга уруксаат берүүнү талап кылган.
Жогоруда социалдык түйүндөрдө таратылган видео боюнча ички иштер министрлигинин жана улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш чараларын жүргүзүүнүн натыйжасында 17-августта кечки саат ондордо Ысык Көл районунун Бостери айылындагы “Риверьа” кичи эс алуучу жайында 28 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну Азис уулу Улан кармалып Ысык Көл РИИБүнүн убактылуу кармап туруучу жайына камакка алынды. Аны жеке кароо учурунда 20 граммга чукул бангизат “марихуана алынды.
Кармалган Азис уулу Уландын ата-энесинин айтуусунда башынан жаракат алып, ооруп жүргөн жана психоневрологиялык диспансерде каттоодо тургандыгын да билдиришкен.
Аталган факт боюнча Ысык Көл РИИБүнүн тергөө кызматы тарабынан кылмыш жана жаза кодексинин 246-беренеси менен иш козголуп (Баңги каражаттарын мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү) тиешелүү ыкчам иликтөө амалдары жүргүзүлүүдө. Учурда анын экинчи шеригин аныктоо иш чаралары жүргүзүлүүдө»,- деп жазылат маалыматта.
Количество просмотров: 29