• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Викрам Рузахунов «акчага жалданып митингге келгем» деп эмне үчүн көрсөтмө бергенин түшүндүрдү

10 Үчтүн айы 202220:46 Бишкек Govori.TV

Викрам Рузахунов журналисттерге Алматыда кармалышынын чоо-жайын айтып, кайдыгер карабагандардын баарына ыраазычылык билдирди.

Анын айтымында, Алматыда митингдер башталганда ал Бишкекке үйүнө кайтмакчы болгон учурда кармалган.

«Ар бир адам ушундай абалга туш болушу мүмкүн, мен жөн гана ушундай жагдайлардын курмандыгы болдум. Мен абактагылардан эгер атайы акча алып келгем деген кайрылуу кылса, дароо Бишкекке жөнөтүшөт деген сөздү угуп, мындан улам, ал нерсени кылбасам да өзүмдү-өзүм айыптоону чечкем», — деген ал.

Ал эми кыйноолор боюнча берилген суроолорго Рузахунов абактан кыйноо болбогонун айткан.

«Тактар 7-январь күнү күч колдонуу менен болгон кармоонун натыйжасында пайда болгон», — деди музыкант.

Жекшембиде «Qazaqstan» телеканалы бети-башы көгөрүп, токмоктолгон Викрам Рузахуновдун видеосун көрсөткөн. Анда кыргызстандык пианист аны “белгисиз адамдар” 90 миң теңгеге жалдап, Өзбекстан жана Тажикстандын башка жарандары менен кошо Алматыдагы митингге чакырганын айткан. Аны таанып-билгендер жана социалдык тармактардын колдонуучулары музыкант кыйноого кабылганынан улам ушундай сөздөрдү айтууга мажбур болушу ыктымалдыгын жазышкан.

Количество просмотров: 179