• Шаршемби 10 Кулжа 2026
  • Среда 10 Июнь 2026

VIP номерде жашап, банкет өткөргөн. Эс алуу борборун 9 млн сомго алдаган жаран кармалды

28 Жетинин айы 202314:25 Бишкек Govori.TV

 Чүйдө эс алуу борборлорунун биринде 8 986 457 сомго банкет, иш-чараларды өткөрүп, конокторду тосуп, бирок акчасын төлөбөй из жашырган чет элдик аял кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Милицияга аталган эс алуу борборунун администратору арыз менен В.Т. аттуу аялга чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Анда В.Т. 2021-жылдын июль айынан 2023-жылдын январына чейин иштегендердин башын айландырып, ишенимине киргени айтылган. Ири инвестормун деп калп айтып, үй-бүлөсү менен VIP номерлерде жашаган. Бул убакыттын ичинде 8 986 457 сомго банкет, иш-чараларды өткөрүп, конокторду тосуп, аягында качып кеткен.

Арыздын негизинде аталган иште кылмыштын элементтери болгондуктан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») менен Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө катталган. Ыкчам издөө иштери жүргүзүлүп, жогорку иштерге шектүү катары 38 жаштагы аял кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Тергөө учурунда башка жагдайлар да аныкталган.

«В.Т. кылмыштуу топтордун мүчөлөрү менен байланышы бар экенин айтып, алардын колдоосуна таянып, жогорку кызматтагы адамдардан акча талап кылып турган», — деп билдиришти ОИИББдин маалымат кызматынан.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү иштер жүрүп, тергөө уланып жатканын кабарлашты. Милициядан эгерде В.Т. аттуу аялдан жабыр тартып калгандар болсо Аламүдүн райондук ИИБге же 0312 36-35-27, 0312 36-35-23 телефон номерлерине чалууну өтүнүштү.

Количество просмотров: 697