• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Вирус 397 адамдан табылып, 7 бейтап каза болду

5 Бугу 2021 13:10 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда бир суткада коронавирустун 397 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Жаңы учур:

Бишкекте – 210;

Чүй облусунда – 130;

Ош шаарында – 5; Ош облусунда – 9;

Ысык-Көл облусунда – 19; Нарын облусунда – 11;

Жалал-Абад облусунда – 9;

Баткен облусунда – 4 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 248 адам коронавирустан айыгып чыккан.

Сакайгандар:

Бишкекте – 151;

Ош шарында – 7;

Ош облусунда – 4;

Чүй облусунда – 59;

Ысык-Көл облусунда – 11;

Нарын облусунда – 7;

Талас облусунда – 1;

Жалал-Абад облусунда – 4;

Баткен облусунда – 4 адам сакайды.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 6, Ош шаарында бир бейтап каза болду.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 96 миң 958 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 90 миң 394 киши айыгып чыкса, 1 миң 637 адам каза болду.

Количество просмотров: 112