Өзгөчө кырдаалдар маалында өздөрүнүн кесиптик милдеттерин аткарып жатып ооруга чалдыккан дарыгерлерге жана медицина мекемелеринин кызматкерлерине 200 миң сом төлөнөт. Эгер оорудан көз жумса алардын үй-бүлөсүнө 1 млн сом акчалай компенсация берүү жагы чечилди. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 8-апрелдеги брифингде маалымдады:
“Дарыгерлер апрель айында айлык акысын жана үстөк төлөмдөрүн мөөнөтүндө алышат”, — деп кошумчалады Кубатбек Боронов.
Анын айтымында, март айына кошумча каралган төлөмдөр чындыгында кармалууда. Боронов бул кемчилик коронавирустун жайылуусуна каршы иштеген кызматкерлер жөнүндө туура эмес маалыматтар берилгенинен улам кеткенин билдирди. Анын сөзүнө караганда кээ бир аймактарда коронавирустун жайылуусуна каршы иштеген дарыгерлердин саны бурмаланып берилип, атайылап көбөйтүлгөнү аныкталган.
Кыргызстанда коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин саны 8-апрелге карата дагы 13 кишиге көбөйдү. Жалпысынан бул илдетке чалдыккан дарыгерлердин саны 32ге жетти.
Булардын ичинен аймактар боюнча катталганы:
Ош облусунда — 20
Жалал-Абад облусунда — 7
Бишкекте шаарында — 4
Баткен облусунда – 1 киши.
Өкмөттүн маалыматына караганда, учурда Кыргызстанда медицина кызматкерлеринин өзгөчө абалда иштешин жөнгө салуучу мыйзам долбоору даярдалууда. Анда өзгөчө абал учурунда иштеген дарыгердин айлык акысы, эгер ооруну жугузуп алса же ошол илдеттен каза тапса төлөнө турган жөлөкпулдун өлчөмү жазылат. Мыйзам долбоорун парламент дароо үч окууда карап, кабыл алып бергени жатканы айтылган.