• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Вирус жуктурган бейтапты дарылоого жумшалып жаткан каражат талкууга түштү

24 Чын куран 2020 18:13 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 24-апрелде өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевге Кыргызстанда коронавирус менен ооруган бейтапты дарылоого канча каражат сарпталууда? деген суроо узатылган.

Анда Нурболот Үсөнбаев бүгүнкү күндө социалдык-экономикалык чыгымды эсептегенге жетишпегендерин айтып, тажы илдети менен ооруган бир бейтапты дарылоого Өзбекстандагыдай эле 3 миң долларга жакын каражат сарпталып жатканын айткан. Бул социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратты. Айрымдары «бир бейтапка мынча каражат сарпталбаса керек» деген сыяктуу нааразы пикирлерин калтырышууда.

Бул арада Республикалык штаб Кыргызстанда стационардагы COVID-19 вирусуна чалдыккан бир бейтапты дарылоонун орточу наркы оордугунун даражасына жараша 8000 сомдон 120 000 сомго чейин түзө тургандыгы тууралуу маалымат таратты. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, бул акчага дары-дармектерге, стационарда калууга, медициналык каражаттарга, изилдөө жүргүзүүгө жана анализ тапшырууга кеткен чыгашалар кирген.

Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 656ны түзөт. Алардын ичинен 322 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 8 адам каза болду.

Количество просмотров: 196