Бишкек шаарына кирген жерлерде орнотулган 16 санитардык-карантиндик посттор алынбайт. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда Бишкек шаарынын вице-мэри Азиз Алымкулов брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, блокпосттордон өткөн жарандар баштагыдай эле иштеген жеринен берилген уруксат кагаздарн көрсөтүп гана өтө алышат.
«Борбор калаада карантиндик режим сакталат, мындан улам коомдук жайларда беткап жана колкаптарды кийип санитардык эрежелерди сактоого чакырабыз», — деди вице-мэр.