• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Вице мэр: Бишкекте коронавирус жуктургандардын саны 231 адамды түзөт

4 Бугу 2020 12:11 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында коронавирус жуктургандардын саны эң жогору бойдон калууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын вице-мэри Татьяна Кузнецова билдирди.

Анын айтымында, учурда Бишкекте коронавирус жуктургандардын саны 231 адамды түзөт

«Бишкек шаарында 1 миллиондон ашуун адам жашайт, бирок шаардын аймагы кичинекей болгондуктан калк жыш жайгашкан. Учурда Бишкекте коронавирус жуктургандардын саны 231 адамды түзөт. Алардын ичинен 34 учур чет жактан келгендерден тастыкталса, ал эми 197 учур жергиликтүү адамдардан аныкталган. Байланышта болгондордун ичинен 194 адамга медициналык байкоо жүргүзүлүүдө. 231 коронавирус аныкталган адамдын ичинен 190 жаран Бишкекте жашайт, 41 жаран башка аймактардын тургундары», — деди ал.

Количество просмотров: 124