Жамалбек Ырсалиев Биринчи Май районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка калаа башчысы Айбек Жунушалиев кол койду. Ал эми Максат Нусувалиев кызматтан бошотулган.
Белгилей кетсек, Жамалбек Ырсалиев буга чейин Бишкек шаарынын вице-мэри болгон.