• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Опера жана балет театрындагы чыр: Новиков балет бийчилеринин айлык маселесин чечүүнү тапшырды

10 Жалган куран 2021 9:35 Бишкек Govori.TV

Биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын жетекчилиги, артисттери менен жолугушту.

Жолугушууда 6-мартта орун алган окуя тууралуу сүйлөшүүлөр болуп, театрдын айрым артисттеринин спектакль коюудан баш тартуу себептери талкууланды.

Новиков спектакль үзгүлтүккө учурап, көрүүчүлөр нааразы болбошу керектигин эскертти. Ошондой эле артисттердин айткан жүйөлөрү чечилиши керектигин айтты.

«Спектакль үзгүлтүккө учурады. Эң өкүнүчтүүсү, мындай кырдаалда катардагы көрүүчүлөр эстетикалык ырахат алууну каалап келишкен, бирок көрө албай калышты. Албетте, театр артисттеринин да, жетекчилигинин да өз чындыгы бар. Бирок мындай кырдаал мындан ары болбошу керек. Мындай көйгөйлүү маселелер көңүл сыртында калбай же кийинкиге калтырылбай чечилиши керек», — деди Артем Новиков.

Новиков өкмөт маданият жаатында жаңы ыкмаларды киргизе турганын кошумчалап, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жеке менчик уюмдар менен биргеликте өткөрүлгөн спектаклдерге театр артисттеринин катышкандыгы үчүн эмгек акысын жөнгө салуу маселелерин мыйзам деңгээлинде иштеп чыгууну тапшырды.

Количество просмотров: 90