• Бейшемби 26 Жетинин айы 2020

Биринчи вице-премьер-министр бизнес өкүлдөр менен жолугушту

9 ноября 2020 в 9:14 Бишкек Govori.TV

Биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков Кыргызстандын Бизнес Курамасынын (КБК) өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматты камсыздоо бөлүмү билдирет.

Жолугушуунун максаты мындан ары карай экономиканы активдештирүү жана ишкерлерге жагымдуу шарттарды түзүү боюнча демилгелерди талкуулоо болду.

Биринчи вице-премьер-министр белгилегендей, мамлекеттин бизнес менен диалогу өзгөчө мааниге ээ жана мындай форматтагы жолугушуулар үзгүлтүксүз негизде жүргүзүлүшү кажет.

Жолугушуунын алкагында Артем Новиков иш-чара катышуучуларына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан экономикалык тармакта жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымдады, ошондой эле пландаштырылып жаткан реформалар тууралуу айтып берди.

Өз кезегинде Кыргызстандын Бизнес Курамасынын өкүлү Аскар Салымбеков КБК түзүү идеясы жана бизнестин пандемиядан кийинки мезгилдеги өлкө экономикасын тез арада калыбына келтирүүгө тийиштүү практикалык көмөк көрсөтүү зарылдыгы боюнча ниети тууралуу маалымат берди.

КБК мүчөлөрү аймактарды жана экономика тармактарын өнүктүрүүгө багытталган пландарга кыскача токтолушту, ошондой эле “БАРС” идеологиялык жана экономикалык өнүктүрүү программасын сунушташты.

Жолугушуу жыйынтыгында Артем Новиков бизнес өкүлдөрүнө жемиштүү жолугушуу жана конструктивдүү сунуштар үчүн ыраазычылык билдирди.

Количество просмотров: 21