• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Алтынай Өмүрбекова мандатын тапшырат

20 Чын куран 2018 14:21 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 20.04.2018. Govori.TV.
Вице-премьер-министрлик кызматына көрсөтүлгөн “Республика-Атажурт” фракциясынын депутаты Алтынай Өмүрбекова мандатын тапшырат. Бул тууралуу ал Govori.TV. агенттигине айтты.
“Мандатымды тапшырам.Конституцияга ылайык, биринчи вице-премьер жана премьер-министр депутаттык корпустан башка мамлекеттик кызматка барса мандаты сакталат. Бирок калган   мамлекеттик кызматкерлерге андай эреже көрсөтүлгөн эмес, ошондуктан мен мандатымды тапшырып кызматка киришем, эгерде коллегаларым мени колдоп берсе”,-дейт Алтынай Өмүрбекова

Эскерте кетсек, «Өкмөттүн орун басары бир эле убакта министр жана депутат болгондо иш жылбайт экен». Бул ойду кечээ КСДП фракциясынын Өкмөт башычынын талапкерлигин кароо маалында Мухаммедкалый Абулгазиев айтканын парламенттен билдиришти.
Башталапкердин айтымында, былтыркы Конституцияга киргизилген бул кызматтык ченем иш жүзүндө өзүн актаган эмес. «Менимче, Өкмөттө иштеген адам парламенттеги иштерине алаксыбай, парламенттеги кызматы аркылуу да ар кандай иштерге катышпай, бир өңчөй өкмөттүн ишин жөндөөсү керек. Менин оюм ушундай, бул боюнча балким, карап көрөсүздөр»,-деген ал.
Эске сала кетсек, азыркы Конституция боюнча Өкмөт башчынын орун басарлары эгер депутаттыктан барса, анын мандаты сакталып тура берет.
Количество просмотров: 31