20-январда Орусиянын президени Владимир Путин Москвада Коопсуздук кеңешинин жыйынында Дональд Трампты АКШнын президенттигине расмий киришип жатканы менен куттуктады. Путин орус-украин согушун жайгаруу маселесинде Москва жаңы администрация менен сүйлөшүүгө даяр экенин билдирди.
«Биз АКШнын жаңы шайланган президенти жана анын командасынын мүчөлөрүнүн Орусия менен түз байланышты калыбына келтирүү каалоосу тууралуу билдирүүсүн көрүп жатабыз, бул биздин күнөөбүздөн эмес болчу, кызматтан кетип жаткан администрация тарабынан үзгүлтүккө учураган. Үчүнчү дүйнөлүк согушту болтурбай коюу үчүн бардыгын жасоо зарыл экендиги жөнүндө анын билдирүүсүн да уктук. Албетте, биз мындай мамилени кубаттайбыз жана Америка Кошмо Штаттарынын шайланган президентин кызматына киришүүсү менен куттуктайбыз», — деди Путин.
Путин былтыр ноябрь айында Валдай клубунун жыйынында дагы Трампты шайланышы менен куттуктап, сүйлөшүүгө даяр экенин билдирген.
CNN телеканалынын маалыматына караганда, Трамп буга чейин жардамчыларына жакынкы күндөрү Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүүнү уюштурууну тапшырган. Телеканалдын булактары алдыдагы сүйлөшүүнүн максаттарынын бири Украинадагы согуштук аракеттерди токтотуу жолдорун талкуулоо экенин ырасташты. Кошумчалай кетсек, Американын жаңы президентинин командасы эки өлкөнүн лидерлеринин жеке жолугушуусун уюштуруунун үстүндө иштеп жатат.
Дональд Трамптын инаугурациясы 20-январда Бишкек убактысы боюнча түнкү саат он бирде башталат.