• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Владимир Путин Кыргызстанга учуп келди

28 Жетинин айы 2019 9:05 Бишкек Govori.TV

Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин бүгүн Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катышуу үчүн Кыргызстанга учуп келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Манас» эл аралык аэропортунда кесиптешин президент Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.

Сессияга катышуунун алкагында Сооронбай Жээнбеков жана Владимир Путиндин эки тараптуу жолугушуусу болот.

Эске салсак, кечээ Беларус, Тажикстандын президенттери, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян келген. Аларды өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алган. Ага чейин Бишкекке Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев учуп келген.

Количество просмотров: 93