Россиянын Волгоград шаарында катуу жарылуу болду. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазды. Жарылуунун видеосун күбөлөр социалдык түйүндөргө жарыялашты.
Волгоград администрациясынын маалыматы боюнча, жарылуу шаар ичинде жайгашкан май куючу жайлардын биринде болгон. Анда 13 адам жабыркаган.
«Алардын ичинен «Водоканалдын» үч кызматкери жана төртөө өрт өчүргүчтөр. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айдоочусу жандандыруу бөлүмүндө. Ооруканага 10 адам кайрылды»,-деп айтылатмаалыматта.