• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

“Волонтердук иш жɵнүндɵгү” мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды

25 Үчтүн айы 2023 12:50 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 25-январда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында “Волонтердук иш жɵнүндɵгү” мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.  

Эскерте кетсек, аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаттары Балбак Түлөбаев, Марлен Маматалиев, Алишер Козуев, Улан Бакасов, Таалайбек Сарыбашев, Жаныбек Абиров тарабынан демилгеленген.

Эскерте кетсек, мыйзам долбоору аркылуу волонтерлордун, волонтердук ишти уюштуруучулардын жана волонтердук уюмдардын укуктарын жана милдеттерин белгилеп, волонтердук иш жөнүндө келишим түзүү тартиби жана анын мазмунуна карата талаптар белгиленген.

Талкуу маалында депутат Сүйүнбек Өмүрзаков чет өлкөлүк жарандардын ыктыярчы болуп иштөөсүнө уруксат берген беренелерди да камтый кетүүгө чакырып: “Муну менен катар ыктыярчылык менен алектенүү учурунда ден-соолугуна зыян келтирип алгандарга кандай кепилдиктер каралган?” – деген суроо узатты.

Демилгечи депутаттардын бири Балбак Түлөбаевдин ыктыярчылык уюмдар ыктыярчы менен келишим түзүүдө бардык талаптар караларын белгиледи.

Ал эми депутат Русланбек Жакышов сунушталган долбоор Россиянын, Казакстандын жана Тажикстандын мыйзамдарына жүргүзүлгөн талдоонун негизинде жазылганын айтып: “Аталган өлкөлөр ыктыярчылык боюнча бизге үлгүбү?” – деп сурады.

Мыйзам долбоорунун авторлору аталган өлкөлөрдү ушул багыттагы мыйзам мурда кабыл алынгандыгына байланыштуу гана каралганын жүйө келтирди.

Ошондой эле депутат Камила Талиева ыктыярчылык ишмердүүлүгүнө заманбап эл аралык тажрыйбаларды киргизүү керектигин белгилеп: “Айрыкча Жапониянын ыктыярчыларынын тажрыйбасын бала бакчадан баштап колдонуубуз кажет”,– деди.

Талкуунун соңунда мыйзам долбооруна добуш берилип, кабыл алынды

Количество просмотров: 52