Бишкек. 15. 01. 2018. Govori.TV
Бүгүн, Бишкек ТЭЦинин азыркы директору Андрей Воропаев, ТЭЦти модернизациялоо боюнча башкаруучу топтун директору Темирлан Бримкулов, “Электр Станциялары” ААКсынын гендириектору Узак Кыдырбаев баштаган энергетиктердин ТЭЦтин модернизациясындагы баалар боюнча маалымат жыйыны болбой турган болду. бул тууралуу “Электр Станциялары” ААКсынын малымат катчысы Тагжана Айдаралиева билдирди.
Айтмакчы, жуманын башынан бери Бишкек ТЭЦинин модернизациясы боюнча техникалык-экономикалык негиздеме менен келишимдин долбоору колубузга тийип, андагы асмандаган баалар боюнча коомчулук Govori.TVдан кеңири маалыматтарды алган эле. Мисалы, ТЭЦке жаңы коюлган видео-байкоочу камералардын баасы орто эсеп менен 14 500 АКШ долларын түзсө, жөнөкөй эле балык ооз аспабынын баасы 600 АКШ долларына бааланганы коомчулуктун көңүлүн иренжитип, модернизация боюнча ири коррупциялык схема иштегени айдан ачык болуп калган.
Ушундан улам, энергетиктер каршы жооп айтууга камынып, бирок, артка кетенчиктегени маалым болуп отурат.