• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

XVIII Азия оюндарында жеңишке жетишкен беш спортчу «Даңк» медалы менен сыйланды

16 Тогуздун айы 2018 13:09 Бишкек Govori.TV

Бишкек.16.10.2018.Govori.TV.

Президент Сооронбай Жээнбеков XVIII Азия оюндарында жетишкендиктери, дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө, республиканын квалификациялуу спортсмендерин даярдоого кошкон зор салымы үчүн  айрым спортчуларды жана машыктыруучуларды «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен  сыйлоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык  төмөндөгүлөр сыйланды:

«Даңк» медалы менен:

Багынбай уулу Төрөкан — джиу-джитсу боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөсү;

Жолчубеков Каныбек Байбекович — грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөсү;

Маслова Дарья Владимировна — жеңил атлетика боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөсү;

Мусаев Магомед Саварбекович — эркин күрөш боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөсү;

Тыныбекова Айсулуу Болотовна — аялдар күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөсү;

 

«Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы» деген ардактуу наам:

Алишева Бактыкуль Насаровнага — Бишкек шаарынын Медициналык-консультативдик кызмат көрсөтүү жана спорттук медицина борборунун спорттук медицина бөлүмүнүн функционалдык диагностика врачына;

 

«Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер» деген ардактуу наам:

Арпачиев Канатбек Макеновичке — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин ди⁠ректорунун орун басарына;

Ахметов Мейрамбек Джаниловичке — Ш. Сыдыков атындагы Олимпиадалык резервдеги республикалык окуу жайынын грек-рим күрөшү боюнча окутуучу-машыктыруучусуна;

Изабеков Нурбек Канатбековичке — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын аялдар күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусуна;

Камчыбеков Токтосунга — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин Ош облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгынын начальнигине;

Мамбетов Ратбек Шабданбековичке — Ш. Сыдыков атындагы Олимпиадалык резервдеги республикалык окуу жайынын грек-рим күрөшү боюнча окутуучу-машыктыруучусуна;

 

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен:

Борисова Татьяна Викторовна — Бишкек шаарынын Биринчи май районунун С. Жуманазаров атындагы Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин жеңил атлетика боюнча окутуучу-машыктыруучусу;

Джусубалиев Данияр Кудайбергенович — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын бокс боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу;

Еремич Константин Марьянович — Бишкек шаарынын Медициналык-консультативдик кызмат көрсөтүү жана спорттук медицина борборунун улук массажисти;

Махмудов Акжол Махамаджанович — грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөсү;

Чокаев Сатыбек Мухамедович — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын жеңил атлетика боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу;

Шамканов Жоомарт Джылкычыевич — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын ди⁠ректору;

Эркимбаев Азат Сталбекович — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу.

Количество просмотров: 32