• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Январь окуялары: 25 айыпталуучу шарттуу жаза алды

19 Бугу 2023 16:30 Бишкек Govori.TV

19-майда Алматынын Бостандык райондук сотунда Январь окуяларына байланышуту айыпталып жаткан 25 кишиге өкүм чыгып, алардын баары шарттуу жаза алды.

«Камакта отургандардын баары эркиндикке чыгарылды. Шарттуу жаза алгандар пробациялык көзөмөлдө болушат», – деди адвокат Айнара Айдархан.

Буга чейин прокурор айыпталуучулардын баарын күнөөлүү деп таап, алардын 13үнө шарттуу жаза берип, калганын эки жылдан төрт жылга чейин эркинен ажыратууну өтүнгөн. Айыпталуучулардын бири Думан Канатбек Январь окуялары маалында атып өлтүрүлгөн. Прокурор аны күнөөлүү деп, каза болгонуна байланыштуу ишин токтотууну өтүнгөн. Сот бул өтүнүчтү канааттандырды. Бирок Канатбектин атасы Акимбек Калыбеков уулунун күнөөлүү деп табылышына нааразы экенин билдирип, өкүм боюнча даттана турганын айтты.

Соттолгондор негизинен «Жапырт башаламандыктарды уюштуруу, катышуу», «Курал-жарак уурдоо» жана «Мамлекеттик имараттарга кол салуу» беренелери боюнча айыпталган. Алардын айрымдары күнөөлөрүн жарым-жартылай мойундарына алса, көпчүлүгү айыптоолорду четке кагууда. Адвокат Айнара Айдархан өкүм боюнча апелляциялык арыз берүү-бербөө чечимин кийинчерээк кабыл алышарын билдирди.

Январь окуялары боюнча сот иштери аяктап калды. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, январда бул иштер боюнча 1 600 киши соттолгон. Аларга «Жапырт башаламандык», «Курал-жарак уурдоо», «Мамлекеттик имараттарды басып алуу» өңдүү бир катар беренелер боюнча айыптар тагылган.

Казакстанда суюлтулган газдын кескин кымбатташына байланыштуу тынч митингдер былтыр 2-январда башталып, кийин өлкөнүн башка аймактарына жайылып, кан төгүү, башаламандык менен коштолгон. Расмий маалыматка караганда, тополоңдо кеминде 238 киши каза болгон.

Количество просмотров: 105