• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Январь окуяларынан кийин Алматыдагы «коопсуздукту камсыз кылууга» кошумча $35 миллион бөлүнгөн

13 Бештин айы 2022 14:39 Бишкек Govori.TV

Быйыл Алматыдагы коопсуздукту камсыз кылууга кошумча 16,8 миллиард теңге (35,7 миллион доллар) бөлүндү. Бул тууралуу шаар акими Ерболат Досаев өкмөттүн 12-декабрдагы жыйынында президент Касым-Жомарт Токаевге кайрылуусунда билдирди.

«Алматылыктардын коопсуздугун камсыздоо боюнча сиздин тапшырмаңызды аткаруунун алкагында шаардын адамдар көп топтолгон жерлерине кошумча 3050 видеокамера орнотуу иштери жыл соңуна чейин аяктайт», – деди Досаев.

Анын айтымында, бүгүнкү күнгө карата «Январь окуялары маалында талкаланган инфраструктура толугу менен калыбына келтирилди». «Шаардын экономикасы туруктуу өнүгүү жолуна түштү. Коомдук коопсуздуктун деңгээли кыйла жогорулады. Январь окуяларында зыянга учураган 1640 кичи жана орто ишкерлик субъектисине 16,2 миллиард теңге өлчөмүндө кенемте төлөнүп берилди. Мындан тышкары мүлктүк зыян тарткан жеке жактарга кенемте катары 613,5 миллион теңге берилди», – деди аким.

Өкмөттүн 14-июлдагы кеңейтилген жыйынында өлкөнүн премьер-министри Алихан Смаилов 1,7 миң кичи жана орто ишкерлик субъектисине 14,3 миллиард теңге өлчөмүндө кенемте төлөнүп берилгенин айткан.

Каржы министрлиги «Январь окуяларынын кесепеттерин жоюуга» 31 миллиард теңге бөлүү пландалып жатканын, анын 21 миллиарды Алматы жана башка шаарлардагы кичи жана орто бизнести колдоого жумшаларын билдирген.

Алматы акиминин айтымында, Январь окуялары маалында өрттөнүп кеткенден кийин оңдолуп жаткан акимчилик имаратын 2023-жылдын экинчи кварталында пайдаланууга берүү пландалууда.

Алматынын Назарбаев атындагы көчөсүндө жайгашкан президенттин резиденциясы март айында тарых жана маданият эстеликтеринин тизмесинен чыгарылган. Аны түрттүрүүгө өкмөт алты миллиард теңге бөлгөн. Ага чейин Токаев президенттин резиденциясын бузуп, анын ордун скверге айландырууну тапшырган.

Суюлтулган газдын кескин кымбатташына каршы тынчтык митингдери быйыл 2-январда Маңгыстау облусунда башталып, кийин ал өлкөнүн башка аймактарына жайылган. Башаламандык талап-тоноо менен коштолгон. Тополоңдо каза болгондордун саны расмий маалыматтарга ылайык 238 кишиге жеткен. «Жапырт башаламандык уюштуруу» шеги менен жүздөгөн адам камакка алынган.

Ноябрда Январь окуяларына байланыштуу айыпталган 1100дөн ашык кишиге сот өкүмү чыкканы белгилүү болгон. Алардын 120дан ашыгы эркинен ажыратылган. Дагы жүздөгөн жаран камакта сот өкүмүн күтүп отурат.

Количество просмотров: 45