• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Япония Бишкек жана Чүйдөгү бейтапканаларга медициналык жабдууларды берет

7 Баш оона 2023 12:04 Бишкек Govori.TV

Япония Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы 10 бейтапканага заманбап медициналык жабдууларды берет. Бул тууралуу КР ЖКнын расмий сайтында айтылат.

Билдирүүгө ылайык, Жогорку Кеңештин депутаты Талайбек Масабиров Э. Акрамов атындагы Чүй облустук бириктирилген ооруканасында болуп, бейтапкананын техникалык абалы менен таанышты.

Депутат аталган мекемеде Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин туруктуу өкүлү Кавамото Хироюки жана Япониядан келген медициналык консультанттар менен жолугушуу өткөрдү. Анда буга чейин кол коюлган меморандумдун алкагында 7,5 млн долларга саламаттык сактоо тармагына заманбап диагностикалык жабдууларды гранттык негизде берүү тууралуу сөз болду. Маалым болгондой, Япониядан келген адистер Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы 10 бейтапкананы кыдырып, зарыл болгон медициналык жабдуулардын тизмесин түзүп чыгышкан. Заманбап жабдуулар толугу менен 2024-жылдын аягы, 2025-жылдын башында келиши күтүлүүдө.

Өз кезегинде эл өкүлү Талайбек Масабиров JICA агенттигине жана аталган өлкөдөн келген медицина тармагы боюнча адистерге ыраазычылыгын билдирип, алдыда дагы бир топ долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу максатын айтты.

Ал эми Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин туруктуу өкүлү Кавамото Хироюки калк үчүн маанилүү болгон гранттык долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бөлүп, көмөк көрсөтүп жаткан Талайбек Масабировго ыраазычылыгын айтты.

Жолугушуунун соңунда депутат Япониялык коноктор менен биргеликте Чүй облустук оорукананын аты ыйгарылган профессор Эрнст Акрамов менен баарлашты.

Количество просмотров: 56