Эртең менен жапайы чочко Япониянын Киото — Хигасияме шаарындагы мектепке кирип ызуу-чуу кылган. Бул туурасында Life сайты Япониялык ЖМКга шилтеме берип жазып чыкты.
Жапайы чочко мектептин ичинен нары-бери чуркап тепкичтерден көтөрүлүп окуучуларга жана мугалимдерге кол салганга аракет кылган. Алар жапайы чочкону видеого тартып алышкан жана эч ким жабыркабагандыгы жазылат.