• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Япониядагы кемеден Бишкекке келген кыргызстандык жигиттин анализи чыкты

9 Жалган куран 2020 18:50 Бишкек Govori.TV

Японияда карантинге алынган «Алмаз ханышасы» (Diamond Princes) лайнеринде жүрүп Кыргызстанга келген жигиттин тапшырган анализи таза чыгып, вирус аныкталган жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, ал 14 күндүк карантинге алынып, 13 күн өткөндөн кийин кайрадан анализ тапшырат. Кыргызстандык жигит Бишкекке бүгүн, 9-мартта, келген.

Эске салсак, 28-февралда тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов Япониядагы «Алмаз ханышасы» (Diamond Princess) круиздик лайнеринде кыргыз жараны коронавирус жуктуруп алганы аныкталганын маалымат жыйында билдирген. 1-мартта ооруканадан чыгарылып, Токиодогу мейманканалардын бирине жайгаштырылган. Ал акыркы текшерүүдөн өткөндө коронавирус аныкталган эмес, мындан улам ага сертификат берилген.

Количество просмотров: 6774